www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Үй-бүлөнүн жалгыз эле уулумун..."

2 карындашым бар. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу менмин. Жашымдан жалгыз эркек болгондуктанбы түйшүктү көп тартууга туура келди. Орто мектепти аяктаарым менен борборго келип иштей баштадым. Дароо жогорку окуу жайга тапшырууга шартым болбогондугуна байланыштуу, алгач унаа жуучу жайда иштеп жүрдүм. Бара-бара тигүүчү жайга ишке кирдим. Айылдагы бир туугандарыма, ата-энеме көбүрөөк тыйын сала баштадым. Билинбей убакыт тез эле өтүп кетти.

Үтүктө, бара-бара тигүүчү машинага да отуруп иштеп баштадым. Түнкүсүн да калып иштеген күндөрүм болду. Алгачкы унаамды алып, элеп-желеп болуп айылга айдап барып келдим. Ошентип менин жашоомдо кыйынчылыктар уламдан-улам жеңилдеп, тыйыным көбөйө баштады.
 

"Тигүү цехи багымды ачты..."

Тигүү цехинде иштеп жүрүп өзүм менен чогуу иштеген, бирок менден 10 жаш улуу Венера аттуу келин менен мамилем жакшы болуп кетти. Ал турмуштан жаңылып, көп жылдан бери уулун өзү жалгыз багат экен.

Экөөбүз биригип, көп буйрутма алып иштеп баштадык. Бара-бара ишибиз жакшы болгондугуна байланыштуу өз алдыбызча чакан цех ачууну көздөй баштадык. Чынында тигүүчүлөрдүн арасында алдына ат салдырбаган укмуш ылдам тиккен тигүүчү эле. 10 машинкасы менен бирөөнүн цехин ижарага алып буйрутма менен иштөөнү туура көрдүк. Бактыга жараша бат эле цех табылып, буйрутмаларыбыз да көбөйө баштады.

Күнү-түнү тынбай иштеп, товарларыбызды Дордой базарына, Орусияга тынымсыз чыгара баштадык.

Ал да мага абдан көнүп алды, мен да ага абдан көнүп алдым. Бири-бирибиздин оюбузду айттырбай түшүнүп, ишенимдерибизге кирип кеттик. "Аял менен эркектин ортосунда достук болбойт" деген сөзгө толугу менен кошулам. Достук мамилебиз ишенимге жетип, барып-барып өтө жакын адамдардын мамилесине айланып кеткенин өзүбүз да байкабай калыптырбыз.

"Өзүмдөн 10 жаш улуу, уулу бар келинди сүйүп калдым..."

Күндөрдүн биринде Венера уулунун туулган күнү экендигин айтып, ишке чыга албайм деп калды. Эмнегедир аларды жалгызсыраткым келбей, жандарында
болгум келди. Туулган күнгө мен да барсам болобу деп өзүмдөн-өзүм эле сурандым. Ал да баш тарткан жок. Уулуна белегимди алып, алар туулган күн тособуз деп барган кафеге бардым. Балдарга ылайыктуу сонун жерде ойноп жүрүшүптүр.

Эркек балдар унаага жакын эмеспи, акчанын көзүн карабай кымбат, чоң оюнчук унаа сатып алгам. Уулу белекти көтөрүп кирип барсам абдан кубанып, бир эсе таңыркап калды. Белекти колуна карматсам абдан толкунданганы, сүйүнгөнү көзүнөн көрүнүп турду. Мен баланын атасын канчалык сагынганын, атанын мээримине зар экенин дароо түшүндүм. Менде да бир жылуу сезим пайда болду. Эмнегедир Венеранын уулуна ата болгум келе баштады.

Экөөбүз көпкө чейин ойнодук, кечке маал экөөнү үйүнө жеткирип койдум. Венера өтө тың, таза, эл менен тез табышкан мүнөзү бар эле. Балким ошондой тил таба билгендигинен, тыңдыгынан өзү жалгыз үй алып, уулун эч нерседен кем кылбаса керек.

"Эл эмне дейт деген жазылбаган мыйзамдын курмандыгы болуп жашап келем..."

Бара-бара Венерага болгон сезимим өзгөрүп, чындап эле аны жактырып калганымды мойнума алдым. Үйдөгүлөргө шартымды айтып, аны жактыраарымды түшүндүрүп, анын уулу бар экенин, менден улуу экенин айттым.

Бирок апам такыр эле кепке келбей, өзүң үйлөнө элек болсоң эмнеге өзүңдөн улуу аял аласың деп сөзүмдү укпай койду. Атам дагы менин бул кадамымды колдобой койду. Жашым 30га жакындап калды, үйлөнө берейин десем да укпай,

"Кетсең топурагыңды түйүп берем" - деп апам буркурап эле туруп алды. Ошону менен Венерага ачык үйлөнө албай, жашыруун эле жашап алдык. Арадан 10 жыл өтсө да ата-энем аны кабыл албай коюшту. Тууган-туушкандар, ата-энем үчүн дале бойдокмун. Расмий никеге туруп, үй-бүлө болуп ээрчишип үйүмө бара албайм. Башка адамга үйлөнгүм келбейт. Венеранын уулу мени ата дейт.

Өзүм да балалуу болгум келет, бирок ачык жашабагандан кийин кетип каласың деп Венера да төрөгөндөн коркот. Жашоодо жан дүйнөң төп келген адам менен жашагандан өткөн бакыт барбы?

Биздин салт, эл эмне дейт деген жазылбаган мыйзам канчаларды кыжаалат кылып, канча үй-бүлөнүн тагдырын талкалады экен?!.

Булак: Фабула
 

Последние новости