www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков оригиналдуу саясатчы, анткени ал башка өкмөт башчылары Бабанов, Сатыбалдиев, Оторбаев, Сариев, Жээнбековдон айырмаланып 2010 –жылдын 6 -апрелинде Максим Бакиев менен бирге Вашингтонго учуп кеткен. Кайра келгенде тез өзгөрүлдү.

Бийлик алмашып кээ бирөөлөр камалып, кээ бирөөлөр куугунтукталып жатканда Сапар Исаков “суудан таза” чыкты, “тазалыгынан” да, кечээ эле институттун мугалиминен бийлик тарапка Бакиевдер алып келгенине карабастан, Атамбаевдин “любимчик Сапарушкасына” айланды. Логикалык жактан айтканда “кошелогуна” айланды. Өзүн таза деп эсептеген Атамбаевдин көзүн май бастырды. Болбосо, кечээ эле институттун мугалими болуп жүргөн Сапар Исаковдо кайдагы миллиондор, кайдагы байлык?

“Ганси” авиабазасынан агылып жаткан миллиондорду пайдаланды, кийин “Таза коом” түзөм деп, коомдун барын булгады. Ал элге белгилүү ЦАРИИде үлкөн кызмат аткарып, Бакиевдер ТВЕА менен 200 млн долларга “ТЭЦти” модернизациялай жатканын билет, кийин эмнегедир ТВЕА 386 млн. долларга секирип кетти. Эмне 386 миллион долларды 2029-жылы Сапар Исаков төлөмөк беле же Кочкордогу туугандарыбы? Атасы Жумакадыр өлгөндө Кочкорго коюлду же жолу оңолбогон, же свети жок ал турган жерди түнү менене оңдоп чыккан РЭС менен ДЭУга акчасын мындай койолу, рахмат да айтылган жок. Атасы кочкорлук, өзүн Атамбаевге карап Кой-Таштык сезген Сапар Исаков, атасы каяктык болсо, ошол жактык экенин түшүнгөн деле жок...  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости