www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин «черный списогунда» Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. Ал атагы алыска кеткен «Ата Мекен» фракциясынан Каракѳл шаарына депутат болгон.
Криминалдарга каршы күрөштүн анабашы фракция лидери Өмүрбек Текебаев бир убакта алдым-жуттум министр Равшан Сабировду тангандай эле, Арзымбаев эчак эле депутаттык мандатынан ажыратылганын билдирип жүрөт. Бирок буларды эч качан кошпош керек эле. ИИМ УКТга тиешеси бар жана анын мүчөлөрү деген жергиликтүү жана шаардык кеңештин депутаттарынын, ошондой эле аткаминерлердин ысымдарын атаган. ИИМдин айтымында, Арзымбаев криминалдар дүйнөсүндө «Жин» каймана аты менен белгилүү эле.
Андан тышкары, ага «Ата Мекен» партиялык тизмеси менен шаардык кеңешке шайланууга УКТга мүчө макамы тоскоол болгон эмес. Демек, «Ата-Мекен» партиясы деле ыплас иштерге баргандай.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg