www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, жашоо сапарында эмне деген гана бизге билинбеген нерселер, али уга элек жана сырдуу окуялар эл ичинде  катылып жатат. Акыркы кезде өзгөчө жаштар такыр эле башка улуттун салтына ооп, тилин сүйлөп, өз улутубуздун касиеттерине көңүл бурбай бара жатканы көңүл оорутат. Анткени көп кылымды карыткан элибиздин салт-санаасы кимдин колунда албетте жаштардын. Алар дагы бир кезде карып кыргызчылыкты, салт-санааны балдарына калтырышы керек да, бизге улуу кишилер калтырган сымал.

Билинбегени менен жарык дүйнөгө бинаа болгон наристеге ат кою да өзүнчө бир чоң милдет экенин таназар албай келебиз. Бул дагы бир чоң милдет экенин моюнга алышыбыз абзел.

 Тээ илгери карыялар наристеге коюлган ар бир атты чечмелеп, төрөлгөн балага жакшы ысым койгонго аракет кылышчу экен. Анткени балага ат кою атанын биринчи милдети. Бирок азыр бала туулганда илгеркидей атты чоң атасы менен чоң апасына койдурбай эле жаш ата-энелер өздөрү билип койгон адатка айланды. Бул эми өзүм билемдик экенин жашырганга негиз жок. Айткандай белгилүү табып, чөптүн тилин билген Мантюбетов Үсөн мырзага мындан беш жыл илгери аян берилип, азыр бул киши илгерки аксакалдардай ар бир аттын чечмеленишин билип, ал турсун коюлган аттардын оң-тетириси болорун да айтып, кээ бир адамдардын аттарын туура же тескери ат койгон деп билип койгону илгери ата-бабаларыбыздын касиети азыр дагы жашап жаткандан белги берет. Ооба, биз касиеттүү элден экенибизди биле жүргөнүбүз да туура.

Мен жакында эле президенттик шайлоо болоордун алдында Үсөн мырзадан сурап калдым:

- Бул ажолук так талашта ким жеңет, ким жеңилет?-  деп суроо бергенимде дароо эле токтолбой туруп айткан:

 - Менин баамымда Сооронбай Жээнбеков жеңет. Анткени анын ысмы оң. Атасы жакшы ат койгон. Ал эми Өмүрбек албетте жакшы тилек менен коюлган ат, “баланын өмүрү узун болсун” деген асыл максат менен. Бирок аты тетири ат. Болбосо  аты оң болгондо Бабанов жеңмек. Жашоодо билинбегени менен коюлган ат дагы чоң роль ойнойт. Ооба, кээ бир ата-энелер бул ат кулакка жакшы угулат деп башка элден келген аттарды балдарына же кыздарына коюп жатышат. Жаш кезде эч нерсе билинбейт. Качан жаш өтүп калганда тетири ат коюлган баланын же кыздын жашоосу супсак болуп, иши жүрүшпөйт. Ошол себептен наристе төрөлүп ага ат койгондо байкап койгон жакшы. Мисалы кээ бир балдарга белгилүү инсандардын же баатырлардын атын коюп коюшат. Бала ал коюлган атты көтөрө алабы аны менен эч кимдин иши жок. Наристе андай атты көтөрө албай кыйналат. Негизи эле биз кыргыз болуп жаралган соң өзүбүздүн элдин касиетине ыктаганыбыз жөндүү, башка улуттун салт-санаасына, үрп адатына жамынбай.                      - Айткандай акыркы кездерде жаштар динге ашыкча берилип, балдарынын да кыздарынын дагы ысымдарын араб элдеринин ысымдарын улуу тутуп ат коюп жатышат, буга кандай көз караштасыз?

- Азыр динге берилип, дин менен жашагысы келгендер сиз айткандай пайгамбарлардын, улуу кишилердин, сахабалардын ысымдарын туу тутуп балдарына коюп ошолордой инсан болсун деген асыл тилектери бар экени түшүнүп турам, бирок бала ал атты көтөрө алабы ага көңүл бурбай жатышат. Акыркы кездерде Умар деген ысым көп коюлуп жатат. Илгери аталарыбыз Умар деген ысымды Омор деп кыргызча которуп коюшкан. Бирок экөө тең тескери ат. Ооба, Умар абдан кадырлуу киши болгон. Бирок анын ысмын балага берип койсо ал бала андай даражага жетпейт. Кээ бири Темирлан деген ысымды коюп жүрүшөт. Бул ысым дагы тескери ат. Анткени Темирлан деген арабча Темир аксак деген маанини билдирет. Темирлан учурунда катуу чыккан, көп ийгиликтерге жетишкен, бирок ал жашоосунда кандай гана кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Эгер атасы туура ат койгондо дагы чоң ийгиликтерди жаратып, жетишкендиктерге жетишет беле ким билет?  Ооба, кайсы эле ата - эне баласына жаман ат койгусу келсин. Билбегендиктен койгон үчүн бала менен кыз жашоосу ортолоп калганда коюлган тетири ат өз вазыйпасын аткарып жатканына көңүл бурганыбыз оң. Ириде айттым го “ат оң-тетири болуп бөлүнөт” деп.

- Сиз айттыңыз, ат тетири жана оң болуп бөлүнөт - деп.  Мисалга бир атты чечмелеп берсеңиз?

- Мына, биз алыс кетпей эле президентибиздин ысымына токтолсок. Сооронбай деген ысымды алып карайлы. Билинбегени менен Сооронбай абдан жакшы ат. Анткени жакшы сөздөн куралып, жакшы жакка жетелеп жогорку даражага жеткирди. Соорон менен бай деген сөздөн куралып жатат. Макул, бул атты мактасак ажого жагалданып жатат деп айтып чыккандар да болот. Андан көрө кыздардын ысымына токтололу. Кыз балага Адеми же Алдей деген ысым коюлса жашоо сапары абдан байсалдуу болот. Кээ бир кыздардын турмуштары бузулуп же иштери жүрүшпөгөнү да туура эмес коюлган аттын кесепети. Бекер жерден “атына жараша заты” деп айтылбайт да. Кыскасы, бул ат кою оюнчук эмес. Абдан терең көңүл буруш керек.      

- Эгер туура эмес ат коюлуп калса, кайра атты өзгөртүп башка жакшы ат койсо болобу?      

- Албетте болот, бирок тоок болсо дагы кан чыгарып ырымын жасап коюш керек. Ошондо дагы азан чакырып кыскасы, билген кишиден кеңеш сурап койгондун өзү дурус. Минтип айтып жатканымдын себеби, биз малга же ит менен мышыкка ат койгону жаткан жокпуз да. Ушул жагын да эске алган жөндүү. Баса, ат коёт элем же атымды өзгөртпөкмүн деп чабылуунун деле кереги жок. Болгону тоок болсо дагы союп, жакын адамдары менен тасмалга олтуруп жакшы тилек менен насиптешип, анан өзүнө жаккан атты коюш керек. Эгер жол-жобосун билбесе телефон деген неме бар эмеспи мага телефон чалып сураса деле болот, айтып берем. Билгенимди элден жашырып мен эмне кылат элем. Кыскасы жашоодо адамдын коюлган аты дагы чоң роль ойнойт муну мен дагы бир жолу айтам.

- Сизди көпчүлүк эл чөптүн тилин билген табып деп билишет. Ал эми ат коюудагы сырдын түйүнүн кантип билип калдыңыз. Балким бул касиет дагы ата-бабаларыңызда оогон  чыгар?

- Эми мен “чоң атам же өз атам андай болгон, мындай болгон” деп айтыштан алысмын. Ооба, атамдарда касиет болгон үчүн мен дагы элдин жүгүн аркалап элге чөптөн дары жасап берип жүрөм, бирок бул адам баласына коюлган аттардын оң- тетириге бөлүнгөнү мага аян аркылуу берилди. Билинбегени менен ар бир адамда тую сезими болот. Бирок көпчүлүк адамдар ачкыл сууга берилип кетип келген касиетти өздөрүнөн алыстатып алгандарын чынында эле биле беришпейт. Балким менден башка дагы адамдарга мага берилген ат коюу боюнча аян берилген чыгар, бирок алар колдоно албай калышы толук мүмкүн. Андыктан ар бир адам өзүнө сак болгон жакшы. Биздин кыргыз элибиз тоолуу аймакта жашагандыктан касиеттү калк болушат. Анткени тоолор эле эмне деген касиетти ичине камып турат. Анан өздү сыйлабай башка улутка көз арткан болбойт

- Ыракмат, Үсөн мырза, азыраак биз билбеген нерселерди билгизип жакшы маек куруп бергениңиз үчүн. Сиздин ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

- Мына замандаш, билинбегени менен ар бирибизге коюлган ысымдын дагы жашоодо чоң орду бар экенине Үсөн мырзанын манилүү айткан кептерине ишенүү менен күбө болдук. Эмесе мындан кийин жаңы балалуу боло турган жаштардын эсине салабыз, балдарыңыздарга жана кыздарыңыздарга жакшы оң тармактуу ысым койгонду унутпагыла. Коюлган ат жакшы ийгиликтерге жеткенге себеп болуп калары да толук мүмкүн. Бирок жашоодон деле байкап көрөлү, кээ бир жакшы инсандардын атынан коюлган адамдар эмне үчүн жакшы ийгиликтерди багындырбайт? Бул суроого кийинки саныбызда жооп бергенге аракет кылабыз.

Уландысы бар

Бердикожо Бердикожо

Булак: NazarNews.kg

Последние новости