www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын айлыгы 40% көбөймөй болду

Тартип сакчыларына акыркы кезде катуу көңүл бурулуп, алардын айлык акысын кырк пайызга көтөрүү тууралуу да кеп болду. Бул эми жаңы башталган жылдагы жакшы жаңылыктардын катарын толуктады. Албетте айлык аз жерде сөзсүз кылмыштуулук болот. Андыктан кырк пайыз болсо дагы баштагыдан көбүрөөк акча алганы жаткан тартип сакчылары эми ишке жаңы күч, жакшы дем менен кирип, өз милдеттерин таза аткарат деп ишеним артып туралы. Тартип сакчылары ушул кырк пайызга да шүгүр деп жатышса керек. Эгер жем корлукка тузак салынса анда мугалимдер менен медиктердин дагы айлыгы көбөйт имиш.

Деги элдин ырыскысына кол салган жем корлуктун качан аягы тыйылат болду экен?-деп, медиктер менен мугалимдер ай караган текедей үмүт менен жогору жакты карашууда. “Күтүп көнгөн карапайым эл, дале күтө турушат” деп, жогору жак бул аракетке кош көңүл мамиле кылышпаса болду.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости