www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жээнбеков акыркы мезгилде чет мамлекеттер менен алакасын чыңдап ички иштерге кийлигише элек. ШКУнун саммити өттү, Бавария-Германияга, Швейцарияга, Орусияга иш сапары менен барды. Бирок, көңүлүнүн борборунда Атамбаев турганы анык. Президенттик аппарат жетекчиси, медиа-менеджер Досалы Эсеналиев деле Атамбаев тарапка катуу киришпегени,бийлик ”Бөрк ал десе, баш алган” мамлекеттик маалымат каражаттарынан башкалары бул ишке кийлигишкен жок.

Президент Жээнбеков Путин менен жолугушуу учурунда көп маселелер чечилди. Эки президенттин сүйлөшө турган маселеси көп. Ал мурунку президент Атамбаевдин тагдырынан тартып, эки тараптуу жана эл аралык уюмдар алкагында кызматташууларга чейинки маселелер. 2017-жылы ал кездеги президент Атамбаев Сочиге барып Путин менен жолугушуп, кимди президенттикке сүрөй турганынын тагдырын чечкен. Атамбаевди парламент кол тийбестигинен ажыратып коюптур деп, Путиндин башын аттап камап салууга да болбойт. Ал эми Атамбаевдин тагдыры чечүүчү учурга жакындап калды, эгер ушул боюнча калса Кыргызстанда кыйын кырдаал түзүлүшү мүмкүн.

Атамбаевге эки жолу чакыруу кагазы берилди. Атамбаев өз эрки менен келүүдөн баш тартты. Эми аны күч менен алып келүү гана чарасы калды. Атамбаев курал колдонуп, каршылык көрсөтөрүн билдирип кетти.Орус президенти жаңжалды ырбатпай чечүүнүн бир жолун сунушташы мүмкүн. Анткени Орусия үчүн да Кыргызстанда туруктуулук болуп турганы пайдалуу. Ошондуктан, Путин Атамбаевге Акаев сыяктуу Москвада жашоого уруксат берсе керек. Жакында Атамбаев да Москвага жөнөйт, эгер Путиндин сөзүн укпаса, анда...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости