www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын экинчи жарымында Кытайдын экономикасы 6.2 пайызга өстү. Бул 1990-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч.

Дүйнөдөгү экинчи ири экономиканын солгундаганы дүйнө жүзүнө таасир этет деген тынчсыздануулар айтылууда. Бээжин экономикалык өсүшкө түрткү берүү үчүн салыкты азайтып, банктар тоңдуруп турчу акчанын көлөмүн төмөндөттү. Бул аркылуу Кытай бийлиги базарда көбүрөөк акча жүгүрүп калат деп үмүттөнүп жатат.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу да абалга терс таасир этүүдө. Өткөн жылы дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон бул өлкөлөр ортосунда 600 млрд. доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кетти. Жапонияда өткөн "Чоң жыйырмалыктын" саммитинде Вашингтон менен Бээжин соода согушу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болушкан.

Соңку жылдары Кытайдын экономикалык өсүшү басаңдап, орто эсеп менен алганда жылына 6,5 пайызга өсүп жатат. Соңку жыйырма жылдан бери экономикалык өсүш жылына 12 пайызга чейин жогорулап келген.

Окумуштуулар 2019-жылы Кытайдын экономикасы 6,1 пайызга өсөт деп болжолдуу эсептеди. Буга кабатырланууга негиз жок дешет алар.

Он же жыйырма жыл мурункуга салыштырганда, Кытай экономикасы дүйнөлүк соода системасына байланды. 2000-жылдары Кытай глобалдык сооданын жети гана пайызын түзгөн. Быйыл бул сан 19 пайызга жетти.

25 жылдын ичинде Кытай экинчи ири экономикага айланып, жергиликтүү компаниялар дүйнөнүн ар бурчундагы ишканалар менен товар жүгүртүүдө.

Жер шарында өндүрүлгөн темир, жез, көмүр жана цементтин жарымы Кытайга сатылат. Демек, кытайлыктар бул товарды сатып албай калса, анын баасы кескин төмөндөйт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости