www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына байланыштуу салтанатка президент СооронбаЙ Жээнбеков, спикер Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, о.э. эл өкүлдөрү, бир катар жетекчилер, ардагерлер жана коноктор болмокчу. Адаттагыдай Ала-Тоо аянтында мамлекет башчы сөз сүйлөйт.

Мындан сырткары, мурдагы өлкө башчылары Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев да чакырылганын президенттик аппарат кабарлады. Биздин өздүк булагабыз билдиргендей, бул салтанатка Атамбаев келүүдөн баш тартканы, ал душмандары менен бир катарда турууну каалабай турганын эшиттик.

Эмне үчүн Ала-Тоо аянтындагы майрамга келүүнү туура көрбөйт? Себептери өтө көп. Буга чейнн Жээнбеков менен Атамбаев карама-каршы көз карашта болушканы, асыресе, урушуп кетишкени жашыруун эмес. Бет карашпай калышкан. КСДП бийликтин жүргүзүп аткан саясатына кескин түрдө сын-пикирлерди жарыялап, элдешкис опдазициялык нукка түшүп алганы ырас.

Ошого катар Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов ж.б. КСДПнын көрүнүктүүлөрү түрмөдө жатышса, Атамбаев кантип аянттагы эгемендик майрамын бийлик өкүлдөрү менен өткөрөт? Моралдык кодекс баш бербейт да, туурабы?

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости