www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийлик бир катар саясатчыларга, укуктары бузулган жарандарга, жакшылыгын аябады. Атап айтканда, түрмөдөн чыгарып, үй камагын берип, шартын жакшыртты. Бир топ өзүн саясатчы атагандар түрмөдөн биротоло чыгып да кетишти. А чынында алар Атамбаевдик бийликтен жабыр тартышып, кордук көрүшкөн эле. Бирок, бийликтин алсыздыгыбы же айрымдарынын өз билемдигиби, айтору жакшы шартка ээ болгондор өтүгүн төргө иле баштаганы жаман көрүнүш болду. Мисалы, баарына акыл үйрөткөн, баарынан өзүн кыйын билмерман сезген Өмүрбек Текебаев ушундай иш жасап аткандай.

Ал Атамбаевдин адилетсиз бийлиги учурунда эмне гана кордук көрбөдү, чырылдаган бойдон түрмөгө кете берди. Анан бийлик алмашкан соң, жаңы ажонун айкөлдүгү менен ага соттук кароолордо адилеттик камсыз кылынды. Үй камагына чыгып, үй-бүлөсү, туугандары менен аралашып, биротоло эркиндикке чыгууга аракет жасоо мүкүндүгүн алды. Бирок, киши деген мыйзамдын, мамлекеттин жакшылыгын унутпай, тартипти, мыйзамды сыйлаганы жакшы эмеспи. Себеби ошол эле Текебаев ат тезегин кургатпай Жалал-Абадга, Ошко каттап, саясий ишмердигин кадыресе жүргүзүп жатканы кандай? Үй-камагы дегенде ал Бишкек шаарынан ары чыкпай, ошол чөйрөдө тийиштүү органдардын көзөмөлүндө болушу керек беле? Же үй-камагы десе бүт Кыргызстанды түрө кыдырып, өз билгенин жасай бериш керекпи? Мыйзамда кандай айтылат деги? Бул нерсеге тийиштүү мамлекеттик органдар карабай, караса да тартипти талап кылбай келатканы эмнени каңкуулайт? Мыйзам баарына тең болушу керекпи же Текебаевге мыйзам жазылган эмеспи? Ушуга жооп бере турган орган барбы? Карапайым киши үй-камагына да чыга алмак эмес, түрмөдө жатмак кургак учуктун акыркы стадиясы менен. Качан теңдик болот? Качан мыйзам баарына бирдей карайт?

Айрым такталбаган маалыматтарга таяна турган болсок, учурдагы кыргыз оппозициясына сырттан акча келгендиги тууралуу шыбырт кетти. Тилекке каршы учурда өлкөдө саясый лидерлер "бокко конгон чымындан көп" болгону менен көсөм улуттук лидерлер жок. Кыргызстан алакандай мамлекет болгону менен жеке кызыкчылыктын айынан өнүкпөй жатканы жашыруун эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости