www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда өз кызын зордуктаган киши 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасынын жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн башчысы Нурлан Тагаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.
Анын айтымында, бул чечимди Сокулук районунун соту чыгарды.
“Тергөө ишинин жүрүшүндө 52 жаштагы М.А. өзүнүн кызын зордуктаганы маалым болду. Ал кылмыштуулукка барган учурда мас абалда болчу. Кыз 13 эле жашта. Сот отурумунда мамлекеттик прокуратура аны өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн сурады. Бирок, сот ага жеңилирээк жаза дайындады. Учурда прокуратура сотко аппеляциялык кайрылууну дайындап жатат”,-дейт Нурлан Тагаев.
Булак: NazarNews.kg