www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өлбөстүктүн патенттин” алгандай Раиса Атамбаеванын “подружкасы”,“Спецполиклиниканын” жетекчиси Гүлмира Баитова деген бар. Атамбаев 2011-жыл президенттикке аттанганда Камчы Ташиев аны аз жерден ыйлатып койо жаздаган. Арийне, жасалма добуштар ишке кирип Атамбаев “кыл көпүрөдөн” араң өткөн, ошол үчүн Атамбаевдер Ташиевдерге каршы экенин түшүнсө болот. Ал эми өзбектин жээни Гүлмира Баитова 2010-жылы Ош коогалыңында кыргыз менен өзбекти жараштыруу үчүн өз өмүрүн садага чапкан Камчы Ташиевге эмне өчү бар?

2012-жылы 3-октябрда “Кумтөргө” каршы митинг уюштурган Камчы Ташиев “Чынгызханга” айланып, Ак үйдүн тосмосунан секирип өтүүгө далалат кылат. Ошол кезде Ак үйдө жок президент Атамбаев менен премьер Жантөрө Сатыбалдиев  Ташиев бийликти алыптыр деп чала угуп качууга камынып калышат. Ал эми Ак үй ишенип колуна тапшырылган президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаев шымын булгап алып, Нарынды көздөй качып бараткан жерде Боомдон кармап келишкен. Ак үйдө жашынып жаткан СГОнун адамдары секирип келаткан Ташиевдерге каршы ок чыгарат. Алар Ташиевди да бутка атышат, бутунун каны шорголоп турганына карабай ал кездеги  ”,“Спецполиклиниканын” жетекчисинин орун басары  Гүлмира Баитова “Ташиевге ок тийген жок, тосмодон секирем деп бутун тилип алган” деп жалган бүтүм чыгарат. Бул бүтүм “подружкасы” Раиса Атамбаева менен жубайына майдай жагып, Ташиев тосмодон секирем деп жатып “бир уяттуу жерин”  тилдирип алды деп күчөтүп  элге жайып жиберишет.

Шырдакбек деген болгон аялын жиликтин чучугу менен баккан. Кийин жубайы Шырдакбекке карасанатайлык кылып душманына эшигин ачып берет. Душманы Шырдакбектин көзүн тазалаган соң жубайы тийем десе керек, аны кошо жоготуптур. Гүлмира Баитова Ташболот Балтабаев деген “Ата-Мекен” партиясынын депутатынын сүрөөсү боюнча "Ата-Мекен” партиясынын парламентке тизмесинде №36 чы болуп катталат. Арийне, Раиса Атамбаеванын ак батасын алган соң Президенттин Иш Башкармасынын ошол кездеги жетекчиси, Атамбаевдин айылдашы  Туруспек Койоналиевдин көңүлүн таап, 2010-жылы 7-апрелде Гиппократтын антын сактап канга бөлөнгөн апрелчилердин өмүрүн сактап калуу үчүн тикесинен-тике турган Марат Акимовду “спецполиклиникадан” сүрүп ордун күч менен алат. “Ата-Мекенди” “кидать” этет, канайым өзү “подружка” болсо “Ата-Мекендин” эмне кереги бар, “спецполиклиникада” ондогон дарыкана (аптека) ачып, дарыланып келгендерди тиешеси барбы же жокпу, ошол жерден дары алууга мажбурлап, дарыланып келгендердин ичин өткөзөт.

Дарыларды мыйзамсыз сатуунун эсебинен өзбектин жээн сулуусу Гүлмира Баитова чириген байга айланат. “Татар, өзбек бир тууган,кыргыздарды ким тууган” деген Гүлмира Баитова Раиса Атамбаеваны жандап кошоматчысына айланат. Раиса Атамбаева рейдерлик кылып курулуш кампаниялардан 7-8 квартираны жөн эле алып койчу дешет. Ушулардын бири атактуу ырчы, Адигине уруусунан Керим Тураповдун 8 квартирасын рейдерлик менен алып койгон. Балким ошол үйдөн алганбы Гүлмира Баитова 300 миң долларлык үйдүн ээси болот. Буга да көзү тойбой Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайынан кем эмес, Жалда хансарай салдырат. 20-30 миң айлык алган Гүлмира Баитова буларды эмненин эсебинен алды, Атамбаевдин бийлиги тамам болду, балким азыркы  коопсуздук органдары буга кызыкдар болор.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости