www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облустук соту камактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын карап баштады. Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов журналисттердин соттук процесске катышуусун өтүндү.
"Элдин алдында уят болуп калбаш үчүн, сот ачык өтүп, журналисттерге соттук процесске катышы керек", - деди Токтосун Шарабидинов.
Бир нече талаш-тартыш менен соттук жараяндын жүрүшү үн жазуучу аппараттар менен коштоло турган болду. Видео тасмага тартууга сот тарабынан бөгөт коюлду. Прокурордун сунушу колдоого алынды.
Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилип, ушул жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскарткан.
Булак: NazarNews.kg