www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Атамбаев өз үйүн өрттөтүп провокация кылганы жатабы?", деген аталыштагы макала соцтармакка тарады. (Кактус...)

Акыркы бир жылдан бери экс-президент Алмазбек Атамбаев президентти каралоо, аны төңкөрүш жолу менен болсо да кетирүүнүн түрдүү амалдарын жасады, алардын бирин да ишке ашыра албады. Маселен, ал алгач “Касса-гейтти” ойлоп таап Сапар Исаковдун адвокаты аркылуу аны таратып, бухгалтерин садага чабуу менен чет өлкөгө чыгарып жиберди. Муну менен Атамбаев президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого элди чакыргысы келген. Бирок, андан пайда чыкпады, элди ынандыра албады. Андан кийин анти-кытай акциясын тутантып, анысы да жарабады. 17-мартта Аксы окуясын, 7-апрелде Апрель революциясын бетине кармап бакылдады, элди митингге үндөдү. АШАнын бул кадамы да коомчулуктун сынына кабылды. Жакында болсо саясатчы Өмүрбек Бабановду пайдалангысы келгенде ал Атамбаевдин арам оюн билип калып, мындай “үчүнчү күчкө” жем болбош үчүн Кыргызстанга келүүдөн баш тартып койду.  Ал эми апрель айынын ортосунан тарта АША Ысык-Көл облусундагы уран кени боюнча тымызын иш алып барды. Тилекке каршы, бул маселе да экс-президенттин өзүнө сокку болду. Ал уран маселесин көтөргөнү менен, мындай ишке 4 жолу өзү уруксат бергени ачыкка чыгып кетти. Ошентип АШАнын такыр айласы куруду.

Эми Атамбаев провокациянын эң кооптуу жолун тандап, аны ишке ашырганы жатыптыр. Ишенимдүү булактар кабарлагандай, АША бул жолу Кой-Таштагы хансарайы тарапта “оюн” салууну чечиптир. Маалыматтарга караганда анын Кой-Таштагы хансарайына жанаша жайгашкан дагы бир тамы бар. Аны да президент кезинде сатып алып, чакан үй салдырган экен. Бул жолу АША дал ошол үйгө түн жамына от коюп, ачуу айкырыкты катуу салып, аны бийликке шылтаганы жатыптыр. “Бийлик Атамбаевдин үйүн өрттөдү, өзүн да өрттөгөнү жатат” деген кабарды маалымат каражаттары аркылуу тездик менен таратып, байкуштун кейпин кие калып элди көтөрүү планын түзүптүр.  Атамбаевден бардык кадамдарды күтсө болот. Анткени, анын күйүтү күчтүү. Олжосунан айрылган келемиштен бетер түтөп турат. Эптеп өлкөдө ызы-чуу салып, элдин көңүлүн башкага бурбаса жакында чоң кылмыш иштери дагы ачыкка чыгат. Мындай “кордуктан” көрө Атамбаев үчүн үйүн өрттөө оңой. Ал эмес АША жоопкерчиликтен качуу үчүн жакындарына кол салуу уюштуруп аны бийликке шылтап коюудан да кайра тартпайт. Муну “миң адамдын каны төгүлсө да бийликти алабыз” деп саясатчы Феликс Куловго айтканы далил боло алат. Андыктан тиешелүү органдар бул маалыматтан жыйынтык чыгарып, сергек болсо, деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости