www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши боюнча соттук отурум болмок. Анда негизги айыптардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге коюлган.

Бирок ал соттук отурумга “барбайм, мунун бардыгы фарс” – деп калжаңдап жатат. Эми бул абалдан кантип чыгуу керек? Себеби, анын мындан аркы соттук отурумга келбеси дагы бышык, аны өзү деле тастыктап жатат. Мында сепаратизмдин белгилери жокпу? – деген жүйөөлүү суроо туулуп жатат.

Себеби, расмий бийликти тааныбоо, андагы конституциялык нормаларды, мыйзамды чануу – бул өзү эле сепаратизмдин белгилери эмеспи? Анын үстүнө Кой-Таш айылында өзүнүн “бандасын” чогултуп алып канча күн өлкөнү дүрбөлөңгө салып, “бул бийликти тааныбайм, Кой-Таш элдик республикасын түзөбүз” – деп дөөдүрөп жатты? Биз Атамбаевдин мындай кылыгынан улам коомдук ишмер Эмил Каптагаевге кайрылып Атамбаевдин бул кадамына байланыштуу бир гана суроо узаттык.

- Эмил Саламатович, бүгүн Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты. Мындан аркы отурумга келбээри дагы бышык. Эми негизги айыпкерсиз соттук отурумдун өтүшү болбойт эмеспи. Абалдан кантип чыгуу керек?

- Мыйзам жолу менен гана, башка жол жок. Камактагы киши ага карата болгон бардык  талаптарды аткарууга милдеттүү, болбосо күч колдонуп мажбурлоого мыйзам жол берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости