www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиев түшүнөн чочуганда

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда жол салууда чет өлкөлүк компаниялар тендерди утуп, бирок жергиликтүү компанияларга тапшырып койгону коррупцияга айланганын айтып чыкты. Түшүнөн чочугандай эле болду. Бул маселе айтыла берип тамтыгы чыкты го?

Өкмөт башчысы эми билип жатканы таң калтырат. Баарын билип туруп чара көрбөй, анан эл өкүлдөрү маселе көтөргөн учурда жаңы билдим дегендей куйка кашыган өлүмүштүктүн кандай кажети бар. Билмексен болуп эле чочуп койбостон, жөө жомокту токуп жибергенге да уста экен. Абылгазиев 2019-жылдын тогуз айында экспорт 1,3 млрд. долларды түзүп, өткөн жылдын деңгээлинен 11,7% жогору болгонун айтты. Ошондон бери коомчулук кайсы өсүштү айтып жатат деп баш катырып жатышат.

Булак: Фабула

Последние новости