www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызга кыянатчылык жасап, анча-мынча акча үчүн бюджеттен миллиондорду алдамчы түрктөрдүн сыртка чыгарып кетишине жардамчы болгон Нурбек Абдалиевдин көрсөтмөлөрү жана андан алынган "бир кузов" кагаздардан кийин мурдагы ТРАНСПОРТ МИНИСТРИ ЖАМШИТБЕК КАЛИЛОВго да иш козголушу керек.

Шордуу элдин мойнуна каргыдай тагылчу 14 млн. доллардын "кулкунга сиңип" кетишине тиешеси бар, министрликтин жетекчилеринен ИБРдин консультанттарына чейин камакка алуу боюнча Баш прокуратура тез арада санкция бериши керек.

Мен? "ЧАКЫР-ЯПЫ", "АЛКЕ-ИНШААТ" компанияларынын афералары, сапатсыз курулган Талас - Тараз - Суусамыр, Баткен - Исфана жолдору боюнча мурда эле айтып, жазып келген элем, тилекке каршы, коомчулук муну бир-эки бизнесмендин жеке чыры катары карап, өз маалында реакция кылган эмес. Кайдыгерликтин кесепети!

Президентибиз да чындап коррупцияга каршы турган жетекчи катары тарыхта калгысы келсе, түбү тууган түрк кардеши Эрдоганга кайрылып, бул кууш куйрук түрктөрдөн желген акчаны кайтарууга жардам сурашы абзел.

Акаев-Бакиевдин балакетин албай эле коелу, Атамбаевдин мезгилинен берки коррупциянын эле тамырын тартып, кийин өзөгүнө өрт коюп, карыз эле сурай бербей, кеткен акчаларды кайтарууга чындап саясат жасап көрбөйлүбү?!

Орустар бекеринен "безнаказанность порождает зло" дебейт да. Качанкыга чейин эле коррупциялык схемаларды билип туруп, табакташтар чогулуп жеп жатканын көрүп туруп, алаканды шак коюп, шыпшынып, "алы жетпеген акыретчил..." болуп, байкуштанып, какшап кала беребиз, ыя?!

Бул тыйындардын бир бөлүгү бүгүн арабыздагы эле кимдир бирөөнүн бизнесинде, кайсы бир партиялардын шайлоо фондунда жатат да...

А эл болсо адыр-будур жолдордо, баткак кечип, авария болуп, аркы дүйнөгө узап, бул дүйнөдөгүсү карыз болуп, бала-чакабыздын ырыскысы кемип, сырткы карыздын суммасы улам-улам ачуу чаңырык болуп, кулагыбызды жеп, жүрөгүбүздү өйүп жүрөбүз...

30 жыл күттүк... 30 жыл алдандык... 30 жыл аздык-тоздук... 30 жылда 1000 жылдык байлыкты уурдаттык... Эхх... Эрк качан болот?! Таза иштөө, тартип качан орнойт?! 

Тынчтыкбек Алтымышев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости