www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев жыйында катуу күпүлдөдү. Ал Абылгазиевдин өкмөтүн отставкага кетүүсүн талап кылды. Ошондой эле, өкмөттү түзгөн коалицияга кайрылып, "Иса Шейшенкулович, бул сиздердин коалиция, адам өлтүрүүлөр көбөйдү, аймактарда, шахталардагы өлүмдөр, жасалма паспорттор чыгып жатат, бюджет толбой жатат, көмүрдүн баасы өсүүдө, электр энергиянын тарифин жогорулатуу боюнча сөз болуп жатат, жоопкерчилик кайда? Ошон үчүн коалиция чогулуп өкмөттү отставкага кетиргиле, же өзүңөр кеткиле, башка коалиция куралы", - деди.
Акыркы айларда Төрөбаевдин таскагы катуу чыгып, бийлик тарапка кандайдыр бир ич күптүсү бардай элес калтырууда. А балким чын эле жаран катары өлкөдө болуп жаткан башаламандыктарга чын жүрөгү менен кайгырып жаткандыр. Азыр саясатчылардын жалындуу сөздөрүнө кол чаап кубаттап жиберүү да кооптуу болуп калды. Анткени эртеси эле башка нукка бурулуп, баягынын бири жок болуп калаары турган иш, - дейт "Ачык саясат" гезити.
Булак: NazarNews.kg