www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу "Ордо" гезитинин редакциясы! Сиздердин гезиттин өткөн санында (08.11.2019-жыл, №32) президент А.Акаевдин 75 жылдыгына карата кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын ой-пикирлери жарыяланыптыр.

КРнын Баатыры Мамбет Мамакеев, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, КРнын эл артисти Дарика Жалгасынова баш болгон дагы бир топ саясат жана илим чөйрөсүндөгү инсандарыбыздын гезитте айтылган ойлорун сыйлоо менен мен да өз оюмду билдирип коюуну туура көрдүм.

Гезитте туңгуч президентибиздин өз өлкөсүнө кайтып келчү мезгили бышып жетилди, Кыргызстан Акаевдии акылына суусап турат, андай насаатчыга муктажбыз, ал кайтып келсе мамлекет үчүн утуш болот, ага "Туңгуч Президент" статусун берип чакыруу керек,- деген ойлор айтылган экен.

"Акаевдин акылына суусадык" дейсиңер, эгер анын акылы болсо ошентип качып кетет беле? Анда, Акаев Кыргызтандын карызынын жарымын төлөсүн, жалпы эл-журттан кечирим сурасын, андан кийин эл оюн айтат. Анан туруп эле келе берсин дегендер анын колунан сыйлык, наам алгандар го. Карапайым калк Акаевдин азабын тартып келген, тартып атат. Баарын талкалап коюп, аргасыз качып кеткен. Анын акылына "суусагандар" барсын Маскөөгө, бул эле жерде эмеспи...

Исматулла Парпиев, эмгек ардагери

Булак: Жаңы Ордо

 

Последние новости