www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскердик бөлүктө кыргын салган жоокер Рамиль Шамсутдиновдун үй-бүлөсүнө орусиялыктар 700 миң рубль акча чогултуп беришти. Бул тууралуу жоокердин атасы Салим Шамсутдинов орус басылмаларынын бирине айткан.
Маалыматка караганда, Шамсутдинов чогултулган акчаны эки сапарга коротоорун билдирген. Биринчи сапары - баласы абакта отурган Забайкалье аймагына, экинчиси - баласынын жактоочусу менен жолугушуу үчүн Москвага болмокчу.
Салим Шамсутдиновдун айтымында, ден соолугуна байланыштуу өзү жалгыз бара албагандыктан, чогултулган каражаттын кандайдыр бир бөлүгү жанында коштоп жүрүүчүлөргө кетет. Шамсутдиновдун үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн акча чогултууну Тюмень облусунун тургундары жарыялашкан.Ошондой эле, алар Орусиянын Армиясында болуп жаткан мыйзамсыз көрүнүштөр менен күрөшүүгө чакырып кайрылуу жасашкан. Алардын айтымында, аталган окуя аскердеги көрүнүштөрдөн улам болгон.
Эске сала кетсек, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер Рамиль Шамсутдинов өзү менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди жана офицерлерди, жалпысынан сегиз адамды атып өлтүргөн.
Булак: NazarNews.kg