www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда акысыз дарылана турган кыргызстандык бейтаптардын жылдык квотасы дагы 50гө көбөйтүлдү. Бул тууралуу түрк өкмөтүнүн Resmi Gazete басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, Түркия президенти Режеп Эрдоган 11-ноябрда Түркияда акысыз дарылана турган бейтаптардын квотасын дагы 50гө көбөйтүү тууралуу кошумча протоколго кол койгон. 50 бейтапты Түркиянын Бишкектеги элчилиги тандайт жана Түркия Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. Бейтаптар транспорттук чыгымдарын өз каражатгарынын эсебинен төлөйт.

Эрежеге ылайык, Түркияга өтө оор онкологиялык ооруга чалдыккандар, органдарын алмаштырууга, микрохирургиялык операция жасатууга мукгаж кишилер жөнөтүлөт.

2014-жылдагы кыргыз-түрк өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, кыргызстандык 100 бейтап Түркияда акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүк алган.

2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча кошумча протокол түзүлгөн.

Бул арада Кыргызстанга бир нече жолу түрк дарыгерлери келип, Туркияга барууга мүмкүнчүлүгү жок бейтаптарга татаал операцияларды жасап кетишкен. Мындан тышкары Анкара Бишкекте дарт аныктоочу борбор курууну сунуштаган. Бул тууралуу "Ачык саясат" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости