www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы бийлик алмашкан, ошондон баштап Атамбаев деген фигура саясий айдыңда пайда болот. 2010-жылы 7-апрелде анын фигурасы кандай болгон? Эми эл өлүп жатса “душта” олтурган аны айтпай эле койолу, 2007-жылы апрелде чогуу жүргөн адамдарын баарын “кидать” этип премьер-министр болгон. Оппозициянын таш- талканын чыгарган. Анткени, оппозицияны кантип талкалашты билет. Ал кезде “опальный” президенттик аппарат жетекчиси Медет Садыркулов болгон. Ошол кездеги президент Медет Садыркуловду  чакырып сурайт. “Эмне үчүн Кыргызстанды көтөрбөйсүңөр?”-деп. “Премьер-министирңизден тажап бүттүм, бүгүн жакшы нерсени көтөрсөк, ал капчыгын жана арагын ойлойт”. Аны алат кызматынан, жөн кетирбей “Данакер” орденин берет. Атамбаев же бийликте жок же өзү талкалаган оппозицияда жок ортодо калат.  Аликбек Жекшенкулов Коомдук парламент уюштурат. Атамбаевди кошуу тууралуу пикирин айтат. Көп талаштан соң оппозиция Атамбаевди алууга макул болот. Бирок, Атамбаев 2018-жылы жазында Бишкекке мэр болом деген ниет менен оппозицияны дагы сатат. Германиядагы ошол кездеги президент дарыланып жатканда ушак чыгып кетет, президент өлдү деген. Мадумаров, Акылбек Жапаров деген “күчүктөрү” бийлик талаша баштайт. Атамбаев куулугуна салып Германияга барып, Бакиевдин колтугуна кирип 4-5 саат аны менен болот. Угушубузча Бишкектин мэрин Медет Садыркуловду салып, алгысы келген.

Бишкектин мэри Нариман Түлеев болгон. Мунун себеби бар, Атамбаев  эмнеге президент болор менен Нариман Түлеевди камакка отургузган? Бул тууралуу өзүнчө сөз болор.2010-жылы Атамбаев бийликти алам деп күүлөнгөнү бар, андан мурун Ош коогалыңында Акматбек Келдибеков, Садыр Жапаровдор менен Ошто тынчтыкты сактоо  үчүн барган Ташиевдерди эл колдоду. “Эр мактанса бир октук”-дейт Ташиев бир ок менен иши бүтмөк. Бирок тынчтыкты калыбына келтириш үчүн өзбек  “ашыналарга” барганы чындык. Ал кезде Убактылуу Өкмөттүн төрайымыны биринчи орун басары, коопсуздукту тейлеген  Атамбаев кайда эле? Балким, Кубанычбек Кулматовду Бажы башчысына коюш үчүн чоң маселени чечип, Ак үйдө жүргөндүр? Балким башка субьективдүу маселелер менен жүргөндүр? Эмнеси болсо Ошко барбаганы чындык.

2010-жылы Ош коогалыңында Ташиев, Келдлибеков, Жапаровдор бэл менен кошо жүргөнүн көпчүлүк билет. 2010-жылы ушулар түзгөн “Ата-Журт” партиясы биринчи келгени да чындык. Атамбаев Путинге ишендирген биз бийликти алабыз деп. Ошондуктан, 2010-жылы октябрда “Республика”, “Ата-Мекен” фракциялары менен биригип өзүн өкмөт башчысы катары парламентте көрсөтүп өтпөй калган. “Ишенген кожосу суудан өтпөй калган” Путин жинденген, айлакер Атамбаев шак “Ата-Журт” менен коалиция түзүп экинчи жолу коалиция түзүп өтүп кетет. Лкеин, Атамбаевдин ким экенин билген Ташиев Текебаев, Канат Исаевдер менен биригип аны жыгууну көздөйт. Өмүрү элге келбеген Атамбаев жалдырап түнү менен элди кыдырып, өкмөт башчысында калат.

2011-жылы Ташиев Атамбаевге каршы президентке талапкер болгон, Атамбаевди алган бирок БШК Атамбаевге “ойноп” койот. 2012-жылы 3-октябрда Ташиев кайра чыгат, арийне Гүлмира Баитова сыяктуу өзбектердин жээнине алданган Атамбаев аны 8 ай камаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

Последние новости