www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Соттук департаменттин сайтында алимент төлөбөй жүргөн жарандардын маалымат базасы ачылмакчы. Департаменттин маалымат кызматынын билдиришинче, 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш “Соттук аткаруучулардын статусу жана аткаруучу өндүрүштөр жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү колдоп берип, ал Мыйзам күчүнө кирген.

Ага ылайык, Соттук департамент алимент төлөбөй жүргөндөр тууралуу электрондук база түзөт. Эгерде, карызкор качып жүргөн болуп, өндүрүүчү кагаз жүзүндө кайрылса, Соттук департамент алимент төлөбөй жүргөн адам тууралуу маалыматтарды жана  анын сүрөтүн департаменттин расмий сайтына жайгаштырат.

Карыз толук төлөнгөндөн кийин же аткаруучу өндүрүш токтотулгандан кийин карызкор тууралуу маалымат Соттук департаменттин маалымат базасынан өчүрүлөт.

Ведомстводон билдиришкендей, бул мыйзам энелик жана балалык институтту абийирсиз карызкорлордон коргоого багытталган.

Последние новости