www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө жооп бере албай турганын билдирди.
Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова кабарлады.
«Алмазбек Атамбаев суракка келиши керек. Анткени тергөөнүн кызыкчылыгы жана сыры деген түшүнүктөр бар. Тергөө кызматы Атамбаев жеке өзү суракка келиши керектигин түшүндүргөн».
Буга чейин Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул богонча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.
Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg