www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Чынчыл арбак"

Беш жылдын аралыгында доктор жана анын кызматкерлери 5000 маалыматты изилдеп чыгышкан.

Катталган кырдаалдарга ылайык, арбактарды Улуу Британиянын жашоочулары көп көрө тургандыгы маалым болгон. Алардын саны 147ни түзгөн. Андан азыраак испаниялыктар - 99, андан кийин франциялыктар - 48, анан белгиялыктар -32ни түзгөн. Мындан сырткары доктор Прайсон "ал жактан" кимдер гана келгендигин аныктаган. Алар өспүрүмдөр, балдар, картайган адамдар, медиктер, окумуштуулар, жада калса полиция кызматкерлери да болушкан.

 

Меценат Луиджи Санантонио Венецияда 59 жашында апоплексикалык соккудан улам кайтыш болгон. Сөөктү койгондон жети күн өткөн соң анын баласы Андреа кагаздар менен алек болуп атасынын иш бөлмөсүндө отурган эле. Капысынан ал атасын көргөн. Атасы бөлмөгө кирип келгендигин Андреа уккан эмес. Ал нес болуп калган баласына көңүл бурбастан, анын жанынан өтүп, жыгач капталган дубалды тыкылдатып кирген. Дубалдан катуу үн чыккан. Андан соң кадырлуу синьор жабык эшик аркылуу чыгып кеткен.

Чочуп калган Андреа дароо чиркөөгө барып бул тууралуу попко айтат. Ал дуба кылып Санантонионун үйүнө ыйык сууну чачкан. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы чочуркаган жана Луиджинин жанын тынчтандыруу үчүн сыйынууга көрүстөнгө жөнөшкөн. Бирок бир күндөн кийин окуя кайра кайталанган. Бул учурда Андреа менен бөлмөдө бир нече кызматкер бар эле. Бардыгы арбак жабык эшик аркылуу баягы дубалга келип колун тийгизгенин көрүшөт. Эркектердин бири чокунуп, арбактын жолун торойт. Арбак ага бир аз жетпестен жок болуп кеткен.

Кийинки күнү Андреа арбак кайра-кайра келип колун тийгизип жаткан дубалдын аркасын карап чыгууну чечкен. Аз өтпөй дубалдын аркасынан оюктун ичине катылган мүшөкчөнү табышкан, анда акча жана кол жазма болгон. Арбак акчанын бир бөлүгүн досуна карыз экенин жазып, ошого берип коюшун сураныптыр.

Сыягы, Луиджи өлгөндөн кийин кимдир бирөөнүн алдында карыз болгусу келген эмес өңдөнөт жана акчанын кайда катылгандыгын көрсөтүп берген.

Мына, окурман, айрымдар арбак, параллель дүйнө бар десе, арабызда ага ишенбеген кишилер кездешет. Ага ишен-ишенбе, ар кимдин өз иши эмеспи деп баяныбыздын соңуна чыгабыз.
 

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости