www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү инсан Абдыганы Эркебаев, бир нече жолу олуттуу кызматтарга барып, колун аркага алып, Ак үйдө ары-бери баскан учурлары көп эле болгон. Ушул тапта арманын ачык айтып, көбүрөөк “Жаңы ОРДО” гезитинин журналисти Наралы Асанбаевге маек берип гезит бетине чыгып калат. Кыскасы төмөндө Абдыганы Эркебаевдин аталган гезитке берген маегин сунуштайбыз.  

--Атамбаев Улуттук Илимдер Академиясын жоюуга аракет жасаганда, сиз каршы чыгып, аны сактап калдыңыз. Ошол аракетиңиз Атамбаевдин көз карашынын өзгөрүшүнө себеп болгон жокпу? 

--Мунун төркүнү мындай. 2009-жылы, 2011-жылы болгон президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевди ачык колдодум. Буга Аалы Карашев менен кечээ жакында камалган Икрам Илмияновдор күбө. Атамбаев түштүктүн аксакалдарын чогултуп резиденцияда чай бергенде ушулар колго суу куюп жүргөн балдар эле. Ошол жерде ачык эле бул менин чогуу окуган эски досум болот, колдоңуздар деп айткам. Атамбаев өзү дагы “Эркебаевичтин айтканы туура” деген. Кийин президент болгон соң мени ишке чакырып калышты. Аппарат жетекчиси болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев аркылуу чет өлкөгө элчи болуп барат бекен деп айттырды. Бакиевдин убагында дагы Медет Садыркулов жеке өзү келип, Өзбекстанга элчи болушумду сунуш кылган. Себеби, Ислам Каримов менен мамилем жакшы болчу. Өзүмдүн өлкөмдөн чыккым келбейт деп жооп бергем. Жантөрө Сатыбалдиевге дагы элчи болуп барбайм, эгер өзү кабыл алса өзүмдүн оюмду айтайын дедим. Атамбаев өзү 2012-жылдын март айында кабыл алды. Ал киши тамашалап, күлүп сүйлөйт эмеспи. “Бир жакка баргың келбей жатабы?” деп тамашалады. Ага дагы өзүмдүн өлкөмдө эле иштесем деген оюмду айттым. Өзүмдүн кесибиме ылайыктуу деп Илимдер Академиясын айттым. Ал “Академияга баргың келип атабы? Биз аны жоёлу деп аттык эле” деди. Эмне үчүн?- десем, “Ал тоталитардык өлкөлөрдө гана болот турбайбы” деп айтты. Андай эмес деп Илимдер Академияларынын Европа, АКШ, Россия, биздеги тарыхы кандай экенин айтып бердим. Эки башка тарых, эки башка айырма. Бизде илим академияда топтолгон. Европа менен АКШда илим университеттерде. “Сен Илимдер Академиясына барайын деп атсаң жиберели” деп макул болду. Илимдер Академиясын жоюу ниетинен кайтты. Апрель айында Илимдер Академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп бардым. Кийин шайлоодо академиктердин баары бир добуштан колдошту. 2014-жылы президенттин алдында билим берүү боюнча эксперттик кеңеш бар экен, ошонун чечимин теледен угуп калдым, кийин гезитке чыкты. Илимдер Академиясын жоюш керек, бул коомдук болуузу зарыл деген чечимди президент дагы колдоп сүйлөп калды. Бул туура эмес чечим деп маалымат каражаттары аркылуу Академияны жоюу президенттин ыйгарым укугуна кирбейт, Өкмөттүн укугу. Билим берүү боюнча президенттин алдындагы эксперттик кеңеш Конституцияга каршы келет деп билдирүү жасадым. Андан кийин көп иштер болду. Өкмөттөн, президенттик аппараттан кишилер келишти. Фарид Ниязов менен сүйлөштүк. Атамбаев өзү кабыл алган жок. Бир-эки жерде мен тууралуу терс сөздөрдү сүйлөдү. Лейлекте тейит уруусунун жыйыны болуп, мени чакырышканда барып койгом. Ошол жерде эле бул саясатка эч кандай тийешеси жок, жамандык-жакшылыкта бир боло турган мамиле деп айткам. Өзү болсо “Мен ушул жактан келгем” деп канча жолу сүйлөдү. Башка бирөө уруусун айтса жакпай калабы? Кыргыздын салты боюнча өзүңдүн тегиң ким экенин билип коюш керек да. Бийликке жакын гезиттер ошол учурларда менин кайда барганымды, ким менен жолукканыма чейин чыгара беришти. Андан кийин мыйзамды өзгөртүп, Илимдер Академиясы департаментке баш ийип калды. Кээ бир имаратыбызды алышка аракет кылышты. Мен ага жол бергеним жок. Академия калсын, мен кызматын тапшырып берейин деп жалпы жыйынга салдым. Мени президент кылып шайлаган академиктер бошотмок да. Алар “Сиз иштейсиз” деп менин сунушумду колдобой коюшту. Тирешүүнү каалабастан, Өкмөткө өзүм жумуштан бошотуп койгула деп арызымды жазып бердим. Ошондон кийин Атамбаев менен дагы жолукканым жок. Ал кишиде кекчилдик бар окшойт. Мени партиядан чыгарганда кайтып барганым жок. Атамбаев өзүн сыйлаган киши болсо, мен дагы өзүмдү сыйлаймын. Убактылуу Өкмөттө чогуу иштегенде, ал киши дээрлик премьер-министрдин кызматын аткарды. Мен башында кабинетине куттуктап кирип койдум. Ошондо Атамбаевди кабинетинин ичинде орус балдар автомат менен кайтарып турган экен. Автоматчан жүргөндү жактырган эмесмин. Бир-эки жыйында элди коргойбузбу же өзүбүздүбү? Автоматчан балдар менен жүргөн уят эмеспи, ушуну койбойсуңарбы дегем. Ошол айтканым дагы Атамбаевге катуу тийсе керек. Экөөбүз дос болуп жүрүп, ушундай учур болгону өкүнүчтүү. Анын үйүндө, айылында бир топ жолу болгонбуз. Атамбаевдин өтүнүчү боюнча Насирдин Исановду үйүнө конокко алып барып тааныштырганмын. Ал дагы менин үйүмдөн чай ичкен. Жакшы күндөр унутулбай кала берет да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости