www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Македониянын мурунку премьер  - министрлеринен Никола Груевский Венгриядан саясий башпаанек талап кылды.

2006 – 2016 -  жылдардын арасында премьер  - министрлик кызматын аткарган Никола Груевский фейсбук  аркылуу берген билдирүүсүндө акыркы күндөрдө өлүм коркутулуп жаткандыгын билдирди.

Груевский  маалыматында : «Мен азыркы учурда Будапешттемин. Венгер өкмөтүнөн саясий башпаанек талап кылдым»,- деп билдирди.

Македониялык саясатчы Македония доосунан баш тартпай тургандыгын баса белгиледи. Груевский премьер-министрлик мезгилинде 600 миң евролук автомобилин мыйзамсыз жолдор менен сатып алуу менен май айында  эки жыл абак жазасына тартылган.

Чечимди  апелляцияга алып барган Груевскийдин нааразычылыгы кабыл алынган эмес жана эки жылдык абак жазасы бекитилген.

"trt.net"

Последние новости