www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда эмнени сүйлөшкөнүн өзү менен кечээ чогуу кеткен кеңешчиси Кундуз Жолдубаева аркылуу айттырыптыр.
Ал Атамбаевдин айткандарын бүгүн, 25-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Анда Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин дагы бир жолу тастыктаганын баса белгиленип, ички маселе өз ара чечилиши керектиги айтылган. «Азыркы бийлик мыйзамдуу жолго кайтып келиши керек! Алар соттук иштерде калыстыкты кармап, атаандаштарына саясий куугунтукту токтотушу зарыл! Менин тарапташтарым шайлоого даярданууга мүмкүнчүлүк алышы абзел. Бул тууралуу Владимир Владимирович Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө».,- дептир Атамбаев.
Эскерте кетсек, Атамбаев кечээ (24-июлда) Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу учуп кетип, Кремлден Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшкөн. Жолугушуудан кийин Путин дароо эле журналисттердин суроосуна жооп берип, Кыргызстандыктарды ынтымакка чакырып, эки жолу революция башыбыздан өткөрүнүн эскертип, өлкөгө стабилдүүлүк керектигин айткан.
Атамбаев бүгүн келем деген, бирок, айрым саясатчылар келээринен күмөн санашууда...
Булак: NazarNews.kg