www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоо жакындаган сайын президент Сооронбай Жээнбековду мактап обон созо баштады. Кезинде Атамбаевдин чачпагын көтөрөм деп ода айтып, "дары болсун" деген какшыгына жетине албай "шерменде" болгон жайы бар. Эми ошондогу коомго шакаба болгон абалы сабак болгон эмес экен кургурга.

Түз эле: "Сооронбай Жээнбеков аябай жакшы адам экен, шайлоодо берген убадаларын аткарып жатат, элге жакын жетекчи экен" - деп эси ооп жатат. Кызыгы, Төрөбаевдин президенттик шайлоо учурунда "Оштон Курманбек Салиевичти кууп чыккандар Сооронбайлар" дегенди айтып, өч алчу учур келди дегендей өңүттөгү сүйлөшүүсү интернетте тарап "ит болгонун" унутуп калганы кызык.

Азыркы президент деле ал сүйлешүүнү укса керек. Анан Төрөбаев жылжыткан "кийинки шайлоого Жогорку Кеңешке 2-3 жакыны менен келгенге уруксат бериптир" деген сөздөргө ишенүү кыйын, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости