www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында ЕАЭБ мүчөлөрү Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү боюнча өтүнүчүн четке какты. ЕАЭБ биргелешкен комиссиясынын жыйынында бул өтүнүчтү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана ЕАЭБги Кыргызстандын өкүлү Алмаз Сазбаков тааныштырган.

Кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бул тууралуу мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы депутат Руслан Казакбаев сөз кылып, өкмөттү кескин сынга алды. “Эл аралык сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо оңой эмес. Мындай жолугушууларга такшалган мыкты кадрларды жөнөтүү керек болчу. Күн мурун ЕАЭБ биргелешкен комиссиясынын жыйыны өттү. Ал жерден Жеңиш Разаков менен Сазабаевди көрүп отурабыз. Кыргызстан үч маселени көтөрдү. Унаага болгон бажы төлөмү боюнча сунуш өткөн жок. Эки маселе кийинкиге жылдырылды. Ал эми башка маселердин бардыгы каралды. Бул эмне?”, - деп кызыкты депутат Казакбаев.

Анын айтымында, маселе оңунан чечилиши үчүн бул жыйынга кыргыз өкмөтү караманча даярданбай барган. “Жыйындын алдында ар вице-премьер-министр, экономика министри жана тышкы иштер министрлиги өзүнүн дэңгээлине жараша башка өлкөнүн коллегалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек болчу. Андан кийин гана жыйынга баруу зарыл. Же болбосо булар ал жерге жөн гана элди алдап, көз боемочулук үчүн барышты”, - деп кошучалаган эл өкүлү.

Белгилей кетсек, эми ЕАЭБ мүчөлөрү Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү боюнча өтүнүчүн четке каккандан кийин 2020-жылдын 1-январынан тартып, чет элдик унаалар үчүн бажы төлөмү 10 эсеге жогорулай тургандыгы күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости