www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук кызыкчылык өлдү...

Өзбектер Эркечтам аркылуу көп товарларын Кытайга экспорттой башташты.

Өкүнүчтүүсү реэкспорт үчүн Кыргызстанга эч нерсе төлөбөй турганы айтылууда. Деги бизде мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон адам калганбы? Бажы кызматы коррупциялашып, жедеп чирип, бир адамдын көзүн карап калды. "Улуттук кызыкчылыкты коргоо" деген түшүнүк өлдү, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.

Бул аз келгенсип, ЕАЭБ Кыргызстанды такыр тоготпойт. Биздин кызыкчылыктар Россия, Белоруссия Казахстан сыяктуу лөктөрдүн кызыкчылыктарынын көлөкөсүндө калды. Мына үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранган Кыргызстандын өтүнүчүн союздаштар четке кагышты.

Эми жалпы Кыргызстанга кирип жаткан чет элдик машиналарга 20% бажы алымы, ага кошумча нарк салыгы кошулат. Азыр 5 миң турган машина 15 миң, 10 миң турган машина 20 миңге чейин чыгат. Натыйжада, Россиянын калдыраган жигули, нива, некси машиналары каптайт. Ушундай союздун кимге кереги бар? Муну кыргызда: "Жаманыңды билип алдым. жайытыңа кирип алдым" деп коет.....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости