www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик резиденциядагы үйү түрк ишкери Ахмет Кая, “Газпром”, Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримовдун акчасына салынгандыгы маалым болду. Маалыматта, Алмазбек Атамбаев өзү үчүн курган үйгө 449 миң доллар, аялы 250 миң доллар бөлгөнү айтылат.

“Президент түрк досу Ахмет Кая 420 миң доллар, “АЮ холдинг” ишкананын башчысы Шаршенбек Абдыкеримов 7 миллион сом, “Газпром Нефть Азия” 7 миллион сом берген”, - деп жазат гезит.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев өзү үчүн мамлекеттик резиденциянын аймагында үй салдырган. Ага 89.5 миллион сом курулган. Атамбаев үйдү курууга достору жардам бергенин айтат.

Булак: КабарИнфо

Последние новости