www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешовдун кайсы органдарга кылмыш ишин козгоо боюнча кандай беренелер бөлүнгөн деген суроосуна вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков, Башкы прокурордун орун басары, жумушчу топтун мүчөсү жооп бере албай, какап, чакап бири-бирин карап, сен эле жооп бере салчы деп бири-бирин карап калышты.
Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дуйшомбиевди Бекешовдун жатка билишиңер керек деп зекигенде айласы кетип, кайсы органга канча берене бөлүнгөнүн эсептебегенин айтып, убакыт берсе санап келээрин айтты. Бирок, Курсан Сатаров баш аягын таппай депутаттын каарына калган башкы прокурордун орун басарын, Жеңиш Раззаковду кырдаалдан чыгарып, кайсы органга кылмыш ишин козгоо боюнча канча берене берилгенин айтып, санап берди.
Дастан Бекешов ыраазы болгонуна чыдабай “Курсан Сатаровичке мадаль тагыш керек” деп жиберди. Чын эле бүгүн өкмөттө жана даражалуу мамлекеттик кызматтарда ишин жөндөй албай, элдин назарына калган жетекчилер толтура. Алардын деңгээли минтип болбогон жерден эле билинип, кичинекей суроого да жөндөп жооп бере албай, колундагы докладды да эптеп окуй албай байкалып калат.
Кыскасы, Курсан Асановдой болуп, иштин көзүн тапкан, ар бир суроого кылдаттык менен жооп берген, депутаттардын суроосуна кайдыгер карабаган, мага тиешеси жок деп отура бербеген чиновниктер аз экенин бүгүнкү Бекешовдун суроосу эле далилдеп койду. Кеп кызматтык даражада эмес, кеп иштин көзүн таап, ар бир ишке кылдаттык менен мамиле кылганда. Курсан Сатарович мыкты экенин, өз милдетин так билээрин далилдеди. Эмне дейбиз айласын таппай турган өкмөт мүчөлөрүн кырдаалдан чыгарган, караңгыда көз тапкан капилеттен сөз тапкандай таасир калтырган Курсан Асановдой генералдар бар болсун. Жана анын даражасы мындан да жогоруласын.
Булак: NazarNews.kg