Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп чыкса болобу?
Кыска-нуска  |   |  668

«Серый кардинал», президенттик аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев  “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен сүйлөшүп отурат.

- Президент Жээнбеков экс-президент Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп чыкса эмне болот?-дейт Алтынбек Сулайманов.

- Бул тарыхий жактан туура, бирок саясий жактан туура эмес - деп жооп берет Досалы мырза.

- Экс- президент Атамбаев президент Жээнбековдун сүрөтүн көтөрүп чыксачы?

- Бул тарыхий жактан туура эмес, бирок саясий жактан туура. –дейт Эсеналиев.

- Президент Жээнбеков президент Жээнбековдун сүрөтүн көтөрүп чыксачы?-дейт Алтынбек Сулайманов

- Бул тарыхий жактан туура, саясий жактан да өтө туура чечим.- дептир Досукең,

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями