www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аркар аткан браконьер кармалды. Аны кармоо учурунда браконьер мамкызматкерлерге “атып салам” деп мылтык кезеген. Бул тууралуу 4-декабрда аталган агенттигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып, “Акиpress” интернет басылмасы окуянын видеосу менен бирге жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, Кызыл китепке кирген аркарга (Марко поло) аңчылык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Ала-Тоо Эдвенче Тур» ЖЧКсынын мергенчилик кылуучу аймагынын сырт зонасында болгон.

Жаныбарды мыйзамсыз аткан мергенчи Талып Бейшебаев аттуу жергиликтүү тургун болуп чыкты. Аны кармоо жана ок атуучу куралын алуу аракети учурунда ал агенттиктин кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Ошондой эле протокол түзүүгө мүмкүнчүлүк бербей, кызматкерлерди “Атып салам! Ары тур, телефонуңарды бергиле. Миллион сом төлөгүчө сени атып салып, түрмөгө кеткеним жакшы” деп коркуткан.

Агенттиктин кызматкерлеринен турган мобилдик топ келгенге чейин браконьер мыйзамсыз атылган аркардын этин алып, аты менен качып кетүүгө жетишкен.

«Бир нече убакыттан кийин Т.Бейшебаев өзүнүн шериги менен кайтып келип, агенттиктин кызматкерлерин жана “Ала-Тоо Эдвенче Тур“ ЖЧКнын корукчусун кармап алган. Аларды курал менен коркутуп, үч сааттан ашуун убакыт күч менен кармап турушкан. Ошондой эле алар далилдерди жок кылуу үчүн кармалгандардын телефондорун тартып алып, видеожазууларды өчүрүп салышкан», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн Жети-Өгүз РИИБсине менен кайрылышкан. Кызыл китептеги жаныбарды мыйзамсыз атканы үчүн мергенчи мамлекеттин пайдасына 1 млн сом айып төлөйт. Мындан тышкары кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, ок атуучу курал менен коркутканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Видеодон абайлаңыз (сөгүнгөн сөздөр бар):

Последние новости