www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Албетте, Кудай бетин ары кылсын “Форумда” болуп жаткан жакындагы билдирүүлөр же бийлик жактан удургуп жаткан кубаттуу күчтөр, жалпы калкты ар кандай түкшүмөлгө салып жатат. Акыркы он жылдан бери кыргыз саясий элитасында, өкмөттө, депутаттык корпустарда дайындалган кадрлар кесиптик жактан өтө такшалган адамдар эмес, тааныш-тамырлары аркылуу өйдөлөп, өнтөлөп жылып келаткан бечел, бечара, сабатсыз адамдар болгондуктан, элдин жашоо-турмушу оңдолмок түгүл, артка кетип сомдоло баштады. “Бечелге жөтөл жармашат”–дегендей мындай адамдарды ким коргойт? Жөнөкөй жарандарды мындай койолу, ал гана эмес, чоң кызматтагы жарандар, ал эмес президент өзү баш болуп кандай коопсуздукта жашап жатышат? Кагаз жүзүндө, мыйзамдарда биздин өмүрүбүз эң ыйык экени баса белгиленет. Эмне бизди кагаз коргойбу?
“Жигит мактанса бир октук”- дейт, азыркы учурда экстремисттик-террорчулук уюмдар Кыргызстанды аралап, каптай баштады деп 28-майда салтанаттуу жыйында президент баса белгилеп кетти. Деги президенттин өзүнүн коопсуздугу канчалык? Мамлекеттик бюджеттен акча кемиришип, президентти коргогон жансакчылары көп эле, арийне, кылактаган кыздарды көрсө моюндарын буруп карашып, тоңгон боюнча калышат, анан андай жансакчыларга ким ишенет?
Эми башка президенттердин коргоонусун алалы. Москваны мындай койолу, эми ал жерде “кыйт” эткен жерди баспаган КГБчылар жетектеп, коргонуусун жөнгө салган. Ошондой эле Илхом Алиевдин, Тайип Эрдогандын, Ким Чен Ындын, Си Цзиньпин сыяктуулардын коргоонусу жайында. Алыс кетпей эле өзүбүздүн КМШ, ЕврАзЭСтин “нанын чайнап” келаткан Минскини алалы, себеби ал жакка барып жыйынына катышып келген кесиптешибиздин айтуусунда Александр Григорьевичтин коргоонусу мыкты талапка толук ылайык. Ал эми Түркиянын президенти Эрдоган жүргөн жерлердеги тартиптен улам байкаса болот, ушул жыйын бүткүчө 9-10 тик учмалар асманды айланып жүргөнүн угуп, булардын тартибине баа берсе болот. Биздин жан сакчылар оң кулагы менен “жанын сактап” жүргөн адамдын сөзүн укса, сол кулагы менен анын атаандашынын сөзүн угуп, атаандаштары бири-бирине маалыматтарды жан сакчылары аркылуу алып жатат. Анткени, эл билбеген сырларды билген жан сакчылар маалымат булактарына айланган. Ооздоруна толгон самсасын будамайлап жеп жаткан мындай жан сакчылар, кокус “шефи” кызматынан козголсо, эң алгач маалыматтарды сата турган адамдар.
Союз убагында чекисттер абдан баалана турган, ошондуктан мыкты адамдарга “Чалгынга бирге бара турган адам” экен деп баа бериле турган. Бүгүнкү жан сакчылар акча ыргыта турган болсо, өз “жанын бактыртып” жүргөн “шефинин” баскан-турганын, кайсы жерден көзүн тазалай турганынын жолун жадыбалдай атаандашына айтып берет. Маселен, кокус Атамбаевди жок кылууну самагандар муну ойноп пайдаланса болот. Бүгүнкү күнү Алмазбек Шаршеновичти ойлогондо жаны буркурап түтөп кеткендер жок эмес, аны кайсы бир жакын адамдарын пайдаланып, өздөрү “ит аткандай” атып кетиши мүмкүн. Анткени Атамбаев президент болуп турганда душманды тоодой кылып үйгөн. Арийне, муну эстешибиз керек, Атамбаевдин көзү тазаланса, анда кыргыздар гана эмес, бүт дүйнө бир гана Сооронбай Жээнбековдон көрүшү мүмкүн. Кокус, Кудай бетин ары кылсын Сооронбай Жээнбековду кырсык чалса анда Атамбаевден көрөт.
Демек мурдагы президент менен азыркы президент дагы коопсуздугун сакташы керек. Кечээги "Форум" тараптын акыркы коңгуроосусу жөн жерден болгон жок. Анткени жеңилген тарап жеңиш үчүн баардык кадамдарга да барышы мүмкүн!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg