www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Азиз Батукаевди өлкөдөн качырып жибергенден кийин Жогорку Кеңеште кызуу талкуу болуп, ишенген аткаминерлери кримтөбөл Батукаевди жактап олтуруп алганда кыргыз эли баарынын бетине түкүргөн эле.

Убакыттын өтүшү менен кылмыш иши кайра ачылып, элиталар темир тор артына катар-катары менен кетип бара жатат.

Алсак, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева шектүү катары кармалып 22-майда үй камагына бошотулса, андан кийин мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов Сагынбаеванын ордун толуктады.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Сагинбаевага Батукаевди түрмөдөн качырып жиберүү боюнча буйрукту Атаханов берген деп көрсөтмө берген.

Учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев Батукаев боюнча сурак берип, башын тырмап турган мезгили.

Азыркы тапта социалдык тармактарда Азиз Батукаевди чыгаргандан кийинки Жогорку Кеңештин ошол учурдагы талкуу болгон ВИДЕО тасмасы тарады. Тасмада мурдагы депутаттар, Бактыбек Калмаматов,  Урмат Аманбаева жана башкалар мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованы, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду, Шамил Атахановду жарга такаган суроолорду бергенин көрүүгө болот.

ЖКнын мурдагы депутаты Урмат Аманбаева: - Менин суроом Атахановго, Батукаевдин чыгарылышы боюнча кийин сиз күнөөлү болуп калбайсызбы, ким жооп берет буга?

Аида Салянова: - Мен жооп берем!-деген...

Демек, кезекте камала тургандардын тизмесин Аида Салянова толугу менен камтыйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости