www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев СИЗОдо сурак берип жатып,тарапташтарына кол булгалап жатып, көзүнөн жаш агып ыйлап жибергени жарыкка чыкты.

“Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” – деп кыргыздар бекер айтпаган. Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлган. Атамбаев мечитти кайсы каражатка салганы да текшерилип жатат.

Башкы прокуратура «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлбаганын маалымдады. Андан алынган маалыматка караганда, учурда мечиттин ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук болгон жок. Башкы көзөмөл органы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бул мечитти кайсы каражатка салганы гана текшерилип жатканын белгилейт.

Коррупцияга байланыштуу мурдагы президентке карата козголгон кылмыш иштерин тергөө учурунда №7 кичирайондо жайгашкан бул мечитти Атамбаев салганы аныкталган. Мечиттин аянты бир гектар. Ал участок «Форум» фирмасына караштуу болгон. «7-апрель шейиттери» мечити 2019-жылдын апрель айында ачылып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан.

Ал мечитти жаңылап кайра курууга достору жардам бергенин билдирген. Алмазбек Атамбаев 7-8-августта атайын операциядан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-октябрга чейин узартып, УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости