www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Өкмөттүн социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Президент Өкмөттүн негизги милдети — экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу ишине тоскоол болчу факторлор дээрлик жок экенин баса белгиледи.

«Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан Өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканын тармактарын өнүктүрүү, аймактык өнүктүрүү боюнча актуалдуу чаралар, өлкөнү санариптештирүү, инфраструктуралык жана агроөнөржай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын азыркы ишмердиги жөнүндө айтып берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости