www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2013-жылдан 2018-жылга чейин  Red rocks ААКы (“Чуңкурчак” тоо-лыжа курорту)  5 миллион 878,4 миң сом салык  төлөгөн. Бул тууралуу  Финансы министрлиги  “Ачык бюджет” порталында жарыялады.

Эң көп төлөнгөн салык 2018-жылы ( 1 миллон 317,2 миң сом)  жана 2016-жылы (1 миллон 121,7 миң сом) чегерилген. Ал эми 2019-жылы төгүлгөн салык “Ачык бюджет” порталында көрсөтүлгөн эмес.

Юстиция министрлигинин базасына ылайык, Red rocks ААКы 2013-жылдын ноябрь айында Чүй облусунун Аламүдүн районунда каттоодон өткөн. Бул компаниянын директору Александр Бредис болсо, уюштуруучулары - Владимир Кононенко жана  Нурбек Шаршенов.  Владимир Кононенко мындан тышкары да SK Resource (“Каракол” тоо-лыжа курорту) фирмасынын уюштуруучусу болуп эсептелет.

 Ал эми Нурбек Шаршенов Алмазбек Атамбаевдин тууганы болот. Ал мурунку президенттин соттун уруксаты менен  алардын банктык уячасына текшерүү жүргүзүлгөн 22 жакын адамдарынын тизмесине кирген. Ушул жылдын август айынын аягында Башкы прокуратуранын чечими менен  мурунку президенттин жана анын жакын туугандарынын мүлктөрү  камакка алынган. Бирок,  Нурбек Шаршеновдун Red rocks ААКы компаниясы тизмеге кирген эмес.

Эске салсак, Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы ачылган кылмыш иштин алкагында, “Чуңкурчак” (Red rocks ААКы) тоо-лыжа курортун камакка алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости