www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө элине долларды сатып алуудан баш тартуу өтүнүчү менен кайрылды. Мындай кайрылуунун негизги максаты, түрк лирасынын пайдасы үчүн болгон. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы мындай өтүнүч менен элине биринчи жолу кайрылып жаткан жок. Президент 2018-жылы май айында улуттук валютанын курсун көтөрүү максатында чет элдик акчаны түрк лирасына алмаштырууга чакырган.

"АКШ долларын таштагыла. Өзүбүздүн акчабызга, түрк лирасына кайтып келели. Түрк лирасы эми пайда алып келет. Ошондуктан бул жаатта баарыбыз көмөктөшөлү", - дейт Түркиянын президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости