www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчимай райондук сотунда 5-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча биринчи угуу өтүп жатат.
Ишти кароо учурунда жактоочунун ишти токтото туруу жөнүндөгү өтүнүчүнө судья Эмилбек Каипов 2-ноябрда УКМКнын тергөө органдарынан бир нече документтер түшкөнүн айтты.
«Тергөө органдары Россия Федерациясына кайрылышыптыр, Шадиев Москва — Нью-Йорк каттамы менен учуп кеткендиги боюнча документтер бар экен. Анын Кыргызстандан чыгып кеткенин тастыктаган документтер бар. Мунун негизинде сот айыпталуучу жок болсо дагы соттук иштерди уланта берет», - деди ал.
Буга чейин, атлас көйнөгүн кийе качкан Аскарбек Шадиев мандатынан мыйзамсыз ажыратылганын жана ага карата козголгон кылмыш иштеринин баары атайын буюртма экенин айтып чыкты.
Булак: NazarNews.kg