www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөргө” каршы чыгып, позициясын билдирген балдарды сындыруу максатында, “Кумтөрдү” иштеткен компаниянын жетекчилеринен акча алышты деген таризде мекенчил, мамлекетине кайдыгер карабаган эки жигитти камакка алышкан. Кийин ал балдар Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө бер деп ур-токмокко, кыйноого кабылганын да жалпы журт билет. Бүгүн ак жеринен камалган жигиттердин бири  Нарис Калчаев  фейзбуктагы баракчасына “Кумтөр” кытайларга сатыла турган болсо, кашык каным калгыча күрөшөм” деп жазып  чыкты. Биз ал жигит менен байланышып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Нарис, камалып да көрдүң, Жапаровго каршы көрсөтмө бер деп, кыйноого да кабылдыңар. Бирок, андай азаптарды башыңдан өткөргөнүңө карабай, “Кумтөр” кытайга сатыла турган болсо, кашык каным калгыча күрөшөм деп жаза баштадыңыз. “Кумтөр” маселесине илешип алып, дагы бир жыландын куйругун басып алам  деп корккон жоксузбу?

-Эгер камалгандан корксом, чындыкты да айткандан коркушум да керек. Мени камашты, сабашты, Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө бер деп кыйнашты, сындырууга аракет кылышты. Бирок, менин мизимди кайтар алышкан жок да. Анткени, мен ак жерден караландым. Себеби, бизди жалаа жаап камап туруп, “Кумтөргө” катуу талап коюп чыккан элди артка кайтаруу аракети күч болду. Дагы “Кумтөр” дей бере турган болсоңор ушундай абалга кептелесиңер. Камаласыңар деп элди коркутуу, үркүтүү үчүн бизди садага чабышты. Бирок, мен кандай азаптуу күндөрдү башымдан кечирсем да, “Кумтөр” оң жагына чечилмейин, кашык каным калгыча күрөшөм.

-Негедир эркиндикте жүргөндөргө караганда түрмөдө мыйзам катуу дешет. Ал жакта силерге патриот катары жакшы мамиле жасалдыбы же бийлик караларга салып берип, кысымга алдыбы?

-Мынча сурап калдыңыз ачыгын айтышым керек. Түрмөдө кысым болгон жок. Биз кармалып, камалып бошоп чыккыча бийлик жактан катуу кысым болду. Бирок, бийлик баалабаган эмгекти, ошол жактан баалап, сыйлашты. Ал жакта да мекен үчүн күйгөн адамдар арбын. Алардын көбүнө мыйзамсыз күнө коюлуп, соттордун адилетсиздигинен отурган карапайым адамдар көп. Камалгандын баары эле күнөөлүү болбойт экен. Ак жеринен кармалып. Жалаага кабылгандар көп экен.

-Берилген мөөнөттүн аягына чейин отурдуңарбы же амнистияга туш болдуңарбы?

-Күнөөсүз беш жыл отурдум. Аны билип, баарлашып жатканыңызга ырахмат. Амнистияга туш болгонумда эки жыл төр ай алынган. УКМКнын сизосунда отурган  7айды эки күндөн эсептешти.  Калган мөөнөттү өтөш үчүн ИК8. ИК47де отурдум. Калган бир жыл мөөнөттү үй бүлөлүк шартка байланыштуу  президенттин ырайымы менен кыскартып бошоп чыктым. Анткени,  ата-энем майып болуп  калган. Энем менин камалганыма кайгыра берип, кан басымы жогорулап,  баспай калган мен камалганы.

-Түрмө сизди өзгөрттүбү?

-Түрмө  баардык адамды өзгөртөт. Ал жакта талап, жашоо башка. Ийилдим бирок сынган жокмун. Мени мокотобуз деди. Бирок курчутушту. Мекенге болгон сүйүүмдү ого бетер күчөтүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости