www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


31-август Эгемендүүлүк күнүндө областын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы 900дөн ашуун милиция кызматкери жана Жалал-Абад шаарындагы 704 Ички аскерлер бөлүгүнүн жоокерлери  кызмат ѳтѳшѳт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эртең 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн 28 жылдык мааракеси. Бул майрамдык датаны утурлай 31-август саат 08:00дө Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Гарнизондук развод ѳтөт. Бул иш-чарага Жалал-Абад ОИИБинин борбордук аппараты, КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ѳзүнчѳ ротасы, Жалал-Абад ОИИБинин кайгуул күзѳт кызматынын ѳзүнчѳ ротасы, КРнын ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгү, Жалал-Абад ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү, Жалал-Абад шаардык ички иштер бѳлүмү жана Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик атайын күзѳт кызматынын ѳздүк курамдары катышат. Мындан сырткары жогорудагы кызматтарга тиешелүү болгон атайын техникалары тартылат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости