www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү которулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 30-августунда КРнын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү,  31 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду.

КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 272 миллион 815 миң 287  сомду түздү.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости