www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Белгилүү коомдук-саясий ишмер Феликс Кулов мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө шарт түзүп берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Сиздин оюңузча, революциялык жол менен тактан түшүрүлгөн Аскар Акаевдин кыргыз жергесине кайтып келүүгө моралдык укугу барбы?

--Азыр качып жүргөндөрдүн баарына бирдей шарт койгон туура болот. “Келсин, элден кечирим сурасын, өзүңө өлбөгүдөй оокат калтырып, калганын бюджетке төгүп берсин” - деген талапты президент демилгелеп же Курултайдын чечими аркылуу, же кадыр-барктуу аксакалдардын тобу демилгелесе көптөгөн машакаттардан кутулуп чиеленишкен маселелер чечиле баштамак! (А.Акаев, К.Бакиев, Д.Үсөнов, А.Шадиев, Ө.Бабанов ж.б) Ушундай эле шартты кылмыш иши козголгон жана козголо элек элдин мүлкүн талап тоногон жемкорлорго (Ж.Сатыбалдиев, С.Исакаов, Кулматов, Ибраимов, Артыкбаев, Раим Матраимов, ж.б) карата да колдонсо болот.

Бирок, бул маселени парламент көтөрүүгө духу жетпейт, анткени ал жерде акчаны кудай кылып алган, элдин эсебинен байыган олигархтар олтурат. Аларга да иш козгоп жеп ичкендерин бюджетке кустурууну башташ керек, деген Кадыр Кошалиев “Майдан. kg” гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости