www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арашанда кээ бирөө үй курганга 5 сотых жер таппай жүрсө, 5030 сотых же 50,3 гектар жерди өзү басып жаткан, борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов Бишкектин Ленин райондук сотунда көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ал мэр кезинде Бишкектин түштүк тарабындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө айыпталууда. Экс-мэр бул иш боюнча өтүп жаткан башка шектүүлөргө басым жасалып, тергөө менен кызматташууга мажбур болгонун айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тартарын билдирди.
Балким грамматикадан начар Албек Ибраимов арифметикадан абдан күчтүүдүр. Анткени, анын алдында тараза тартуу жагынан эч ким тең келбейт дешет. Арашандык Албек Ибраимов Кытайга темир саткан Атамбаевдин мыкты таразачысы болуптур.
Эске сала кетсек, Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов былтыр июнь айында камакка алынган. Ага карата борбордун четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө байланыштуу эки кылмыш иши козголгон. Албек Ибраимов мэр болуп турганда күйөө баласы Азамат Үсөновду унуткан жок. Күйөө баласын өз фамилиясына Азамат Ибраимов деп котортпосо да, Кытайга элчи кылып жибертет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»