www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Эгемендүүлүк күнү менен Сизди жана дос Кыргызстан элин Афганистан элинин атынан куттуктайм.

Ушул жылы дос Кыргыз Республикасына иш сапар менен келүүгө мүмкүнчүлүк болгонуна кубанычтамын. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Сиз менен жолугуп биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты жана кызматташууну жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.

Афганистан менен Кыргыз Республикасы эки дос өлкө катары, мамилелерди өнүктүрүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Афганистан мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даяр экендигин билдирип, ал үчүн бардык аракеттерди жасайт», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Президент Сооронбай Жээнбековго ден соолук, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

 

Последние новости