www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Ин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Жыл өткөн сайын кыргыз-корей достук мамилелери түрдүү тармактарда өз ара аракеттенишүү менен тыгыз, туруктуу өнүгүүдө. Биздин өлкөлөр мындан ары дагы тыгыз кызматташуусун тереңдетип, бекемдеп, өз ара пайдалуу жана келечекке багытталган мүнөз берет деп үмүттөнөм. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мындан ары дагы бекемделе берерине ишенем», — деп белгиленет Корея Президенти Мун Чжэ Индин куттуктоосунда.

Кореянын Президенти Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине узак гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости