www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оруссиялык “Gloria Jeans” кийим брендди, хиджабды жарнамалай койушуп көпчүлүктүн жемесинде калды. Бул тууралу Кремил маалымат булактары жазып чыгышты.

Айтылгандарга караганда, 29 – август күнү аталган бренддин Instagram-аккаунттагы официалдуу баракчасына, кочкул-көк өңдөгү аялдардын көйнөгүнүн сүрөтү жайгаштырылган жана анда, «Gloria Jeans менен сен өзүңдү колго ал! Биз сенин жашыңа, жынысыңа, териңдин өңүнө, диниңе, көз-карашыңа карабай кубанабыз” — деген жарнамалык текст жазылган.

Буга чейин 14-августа YouTube-каналына чыккан роликте, башка модельдер менен бирге хиджабчан кыз дагы тартылганы бар.

Бирок, мына ушул хиджап маселеси Оруссиядагы башка дин өкүлдөрүнүн сезимине катуу тийгенин, негативдүү коменттарийлерден байкоого болот. Бири мындан кийин аталган магазинден соода кылбай турганын жазсса, “Хиджабчандар менен жолубуз бир эмес”, “бул биздин карама-каршы келет” – дегендери дагы бар.

Бул аталган бирикменин негиздөөчүсү Владимир Мельников журналисттерге берген маалыматтарында, жарнамалык компанияны жаратууда адисттер Россия көп улутту өлкө экенин эске алып, анда жашагандар кайсы динди карманышарын изилдеп чыгышканын айткан.

Ал эми моода индустриясына таянган изилдөөлөрдө ушул жылдын май айында, америкалык Nike бренди менен чыккан спорттук хиджабка талап өсүп, ал дүйнөдөгү эң көп кийиле турган кийим болуп калгандыгы тууралуу маалыматтар айтылат. Ошону менен катар мусулман баш кийимдери, моода дүйнөсүндө жетинчи орунду багындырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости