www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Өткөн саныбызда УКМК президенттин коррупция менен күрөшүү ураанына көлөкө түшүрүп жатканын жазганбыз. Көп узабай эле жазганыбыз туура чыгып, УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов өзү казган аңга өзү түшүп, ээрден шыпырылды. Бирок, президент Сооронбай Жээнбековдун саясатына көлөкө түшүрүп жаткан УКМК гана эмес.

Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев менен бажасы Иманкадыр Рысалиевдин жашыруун иштери ачыкка чыгып, бир жумадан бери дүң болууда. 21-майда болсо байланыш жана технологиялар комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «бажагейттин» артынан кызматтан кетти. Бирок, Бакыт Шаршембиев «бажагейт» менен эмес, ага буга чейин козголгон кылмыш иштеринин негизинде кетиши, жөн кетпестен кылмыш иштери жанданып, тергелиши керек эле. Депутат Рыскелди Момбеков «Шаршембиевдин бир эмес сегиз кылмыш иши бар» деп какшаса болбой кызматка алып келишти эле, аягы жакшы болгон жок. Укук коргоо органдары бир канча кылмыш иши турса да көңүл бурбай жаткан бир эле Шаршембиев эмес. Биз өткөн сандарыбызда Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабдановдун да алты кылмыш иши бар экенин, ага карабай сегиз жылдан бери Кара-Балтанын түшпөс ханына айланганын жазганбыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын аягында «Кара-Балта шаарынын мэринин кылмыш иштерин өз көзөмөлүмө алам» деп сөз берген менен аны УКМК, башкы прокуратура, финансылык полиция этибарына да алышкан жок. Ушул күндөрү көзөмөлгө алынган иштерге коомчулук кызыгууда...

Быйылкы жылдын апрель айында эсептөө палатасы Кара-Балтанын бюджеттик жана муниципалдык мекемелеринен 6,3 миллион сомдук мыйзам бузуулар табылганын аныктап чыкпады беле? Бирок ага деле эч кандай реакция жок. Шаршембиев менен Шабдановго окшоп бир канча кылмыш иши турса да мамлекеттик кызматты ээлеп турган адамдар дагы канча? Укук коргоо органдары президенттин сөзүн этибарга алышпай, тескери маанай жарата беришеби? Буларга баа берилеби, же?..

Дания БЕКТУРОВА

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости